🚧 Автожолдун курулушу Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы багытында активдүү жүрүп жатат. Министр Абсаттар Сыргабаев курулуш иштерин текшерип, коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
🔍 Жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Министр бардык тоскоолдуктарды тез арада жоюуну тапшырды.
📅 2024-жылдын 29-сентябрында президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барган. Ал келерки жылы жол курулушу башталаарын, электр энергия менен камсыздоо жана чакан ГЭС куруу иштери жүргүзүлөрүн билдирген.
🏔️ Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймагында жайгашкан айыл.
🔧 Курулуш иштери аймактын инфраструктурасын жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.