


[adrotate_integration id=”2″]

🔍 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну сунуштаган мыйзамсыз агенттиктердин ишмердүүлүгү тууралуу эскертти.
⚠️ Мониторингдин жүрүшүндө ОсОО «Эдукейшн плюс», «Lux Europe» агенттиги, «EVC визовое агентство» сыяктуу жеке агенттиктер мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды.
🚨 Бул агенттиктер белгиленген мыйзамдык жол-жоболорду сактабай жумушка орноштуруу сунуштарын берип, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коркунучка салууда, ошондой эле алдамчылык схемаларын колдонушу мүмкүн.
📑 Учурда аталган агенттиктерге карата материалдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.
🛡️ Министрлик жарандарды чет өлкөдө ишке орношууда агенттиктердин уруксат кагаздарынын бар-жогун алдын ала текшерүүгө чакырат. Легалдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылса же migrant.kg сайтындагы тизмеден таанышса болот.






