🚗 Кыргызстандын жолдору жана өтмөктөрү бүгүнкү күндө транспорт үчүн ачык.
🌧️ Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, жол тейлөө кызматкерлери жолдорду тазалап, зарыл болгон жерлерде инерттик материалдарды чачууда.
❄️ Кышкы мезгилге даярдык көрүү максатында, министрлик айдоочуларга тоолуу аймактарда жана өтмөктөрдө жүргөндө жайкы шинадарды кышкы шинага алмаштырууну сунуштады.
📅 Кыргызгидромет 4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү жөнүндө эскертүү берди.
🌨️ Көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлүүдө, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
🔔 Ушул себептен, айдоочуларга этият болуу жана жол кырсыктарын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүү сунушталууда.










