
[adrotate_integration id=”2″]🚧 Корумду – Балбай-Баатыр жолунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
🛤️ Жолдун негизин даярдоо, асфальтобетон төшөө, суу түтүктөрүн орнотуу жана көпүрөлөрдү куруу иштери жүргүзүлүүдө.
🏗️ Бир тарапка 70 чакырым асфальтобетондун төмөнкү катмары төшөлдү, 14 көпүрөнү реконструкциялоо жана эки жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу иштери улантылууда.
🚰 179 жер астындагы суу түтүгүн орнотуу аяктады.
🚦 Жаңы жол төрт тилкелүү болуп, борборунда металл тосмолор менен бөлүнөт. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда автобус токтоочу жайларды жана эс алуу зоналары бар унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.






