Минтранстын биринчи орун басары кармалды

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Нарын шаарындагы Ж. Шералиев жана Ленин көчөлөрүнүн капиталдык ремонту боюнча мыйзамсыз аракеттерге шектелип, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары С.Т. жана «Бета-Групп» ЖЧКнын аткаруучу директору М.А. кармалды. Учурда башка жооптуу адамдардын тиешеси бар экендиги иликтенүүдө.

[adrotate_integration id=”2″]

🔍 Нарын шаарында жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзамсыз аракеттерге шектелген адамдар кармалды.

🚔 Ж. Шералиев жана Ленин көчөлөрүндөгү оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

🕵️ Нарын ОИИБ жана ГКНБ тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары жана «Бета-Групп» компаниясынын аткаруучу директору кармалды.

📜 Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

🔍 Учурда бул ишке башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген