🚛 Бишкек шаарында 12-кичирайондо чоң жүк ташуучу унаалардын кыймылы боюнча Facebook социалдык тармагында пайда болгон кайрылуу боюнча муниципалдык инспекция чара көрдү.
📄 Алты айдоочу убактылуу кыймыл чектөөсүн бузганы үчүн протоколдор түзүлдү. Бул айдоочуларга жалпы суммасы 18 000 сом айып пул салынды.
📅 Бишкек шаарында 2025-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин чоң жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген. Бул чектөө +28°C жана андан жогору температурада саат 10:00дөн 19:00гө чейин күчүндө болот.
🛣️ Чектөөлөр жолдордун сакталышын жана алардын узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.






