⚡ Нарын электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилине даярдыктарды ийгиликтүү аяктап, калкты электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылды.
🔧 Даярдык иштеринин алкагында 328,1 км аба чубалгылары жана 232 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле 3963,6 км линия жана 1641 трансформаторду оңдоо иштери жүргүзүлдү.
🏗️ 35-220 кВ чыңалуудагы 40 көмөкчордондо иштер бүткөрүлдү, анын ичинде 90,3 км аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү жана 58 көмөкчордондо учурдагы оңдоо иштери жүрүүдө.
🔄 Жабдууларды жаңылоодо 110 кВ линияларында 4083 эски изолятор жана 35 кВ линияларында 4817 изолятор алмаштырылды, бул электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
🏢 Темир-бетон таянычтарын чыгаруучу цех жана 110/10 кВ “Дөң-Алыш” көмөкчордону сыяктуу жаңы объектилер ишке берилди.
📞 Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча маалымат алуу үчүн 24 сааттык колл-борбор иштейт.