

[adrotate_integration id=”2″]🔋 Нарын облусунда жыл аягына чейин 5 энергия объектиси ишке киргизилет.
🏗️ Азыркы учурда объектилердин даярдыгы 80–90% түзөт жана сентябрь, октябрь айларында пайдаланууга берилет.
🏢 Нарын шаарындагы Нарын электр тармактарынын административдик имараты үч кабаттуу жана заманбап архитектуралык стилде курулуп, жалпы аянты 920 м² түзөт.
💼 Ат-Башы РЭСинин электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн имараты эки кабаттуу жана аянты 360 м².
🔧 Жумгал РЭСинин административдик имараты эки кабаттуу жана аянты 360 м².
🛠️ Кочкор РЭСинин оңдоо цехи 180 м² аянтты ээлейт.
🏭 Чолпон айылындагы темир-бетон буюмдарын чыгаруу цехи 844,5 м² аянтка ээ.
💰 Долбоордун жалпы сметалык баасы 199 миллион 386 миң сомду түзөт.
🌟 Бул объектилер энергетиктердин иш шарттарын жакшыртып, регионалдык инфраструктуранын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.






