Нарын шаарында 30 метрлик шаурма даярдалды

Нарын шаарындагы кафе өзүнүн эки жылдыгына карата 30 метрлик шаурма даярдап, шаардыктарды бекер сыйлады. Бул иш-чарага 200дөн ашуун бала ата-энелери менен катышты.

[adrotate_integration id=”2″]

🎉 Нарын шаарында жергиликтүү кафе эки жылдык мааракесин майрамдоо максатында шаар тургундарына 30 метрлик шаурма даярдап, аны бекер таратып берди.

🥙 Рекорддук өлчөмдөгү шаурма үчүн 25 килограмм эт, 70 лаваш барагы, 20 килограмм картошка жана башка керектүү ингредиенттер колдонулду.

👨‍👩‍👧‍👦 Майрамдык иш-чарага 200дөн ашуун бала ата-энелери менен катышты.

🎈 Балдар үчүн оюндар жана көңүл ачуучу программа уюштурулуп, белектер тапшырылды.

🎁 Бул иш-чара шаар тургундарына өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген