

[adrotate_integration id=”2″]🌍 Мамлекетке Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы колхоз аралык курулуш уюмуна (МСУ) тиешелүү 1,98 гектар жер тилкеси кайтарылды.
🏗️ МСУ 1964-жылы аймактагы өндүрүштүк объекттерди өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
📜 Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттарынын аткаруу комитетинин чечими менен МСУга 4 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
🔄 1993-жылы МСУ “Демилге” акционердик коомуна айландырылып, анын жетекчиси болуп Ч.К. шайланган.
🏢 2004-жылы Ч.К. бул ишкананы жоюп, жеке менчикке өткөргөн.
🤝 Бул объект Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына өткөрүлүп берилди.
🔄 Мурдагы МСУга тиешелүү калган объекттерди кайтаруу боюнча иштер улантылууда.






