



[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин Ден соолукту чыңдоо борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап баратат.
💰 Оңдоп-түзөө иштери капиталдык салымдардын 31 миллион сом өлчөмүндөгү каражатынан каржыланып, учурда 95% аткарылган.
🌳 Борбордун айланасындагы аймакты көрктөндүрүү жана спорттук инфраструктураны түзүү долбоору да башталып, бул үчүн республикалык стимулдаштыруучу гранттан 3 миллион сом бөлүнгөн.
👷 Шаар башчысы Канболот Тутуев объектке барып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, аймакты көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
🤝 Спорт мекемесинин жетекчиси менен жолугушууда жаңыланган борборду натыйжалуу пайдалануу жана өзүн-өзү каржылоо боюнча пландарды иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.






