

⚡ Нарын электр тармактары ишканасында 10/0,4 кВ чыңалуудагы 948 км аба чубалгылары жана 546 трансформатор үчүн капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
🔧 Учурда 439,5 км чубалгылар жана 229 трансформаторлор оңдолуп бүттү.
🏗️ Капиталдык курулуш пландарына 15,2 км аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо, үч эски трансформатордук подстанцияны жаңы шаардык типтеги трансформатордук подстанцияларга алмаштыруу, жаңы ГКТП жана реклоузер орнотуу кирет.
🏢 Учурда заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу административдик имараттын курулушу жүрүп жатат, анын ачылышы август айына пландалган.
🌍 Ак-Кудук жана Эмгек-Талаа айылдарында эски опораларды жана аба чубалгыларын алмаштыруу иштери министрликтин көзөмөлүндө. Бул иштердин алкагында 113 абонентке туруктуу жана сапаттуу электр камсыздоо үчүн 5 трансформатор жаңыланып, бир кошумча трансформатор орнотулат, ошондой эле 100 кВА трансформатор 250 кВА трансформаторго алмаштырылат.