


[adrotate_integration id=”2″]
🎓 Иссык-Көл облусунда “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары” аттуу эл аралык форум өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын Түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулган.
👥 Форум Чок-Тал айылындагы пансионатта өтүп, Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан 300дөн ашуун окуучу жана студенттерди чогултту.
🏆 Катышуучулардын эмгектери алты номинация боюнча көрсөтүлдү: жаңы теориялык иштеп чыгуулары жана моделдери, приборлор жана телекоммуникациялык системалар, энергетика жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар, маалыматтык технологиялар жана программалоо, робототехника жана автоматташтырылган технологиялар, дубал моделдери.
🥇 Нарын облусунун жаш ойлоп табуучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүшүп, байгелүү орундарды ээлешти. Айдеми Жолдошбекова “Асман шаары” долбоору менен жаңы теориялык иштеп чыгуулар боюнча биринчи орунду ээлесе, Нурэл Турдакунов “Hand text” долбоору менен приборлор боюнча биринчи орунга ээ болду.
🎥 Аяна Карыбекова “Волшебный мир” мультфильми менен маалыматтык технологиялар боюнча биринчи орунду алды. Айбийке Абдиева “Экодом графика” долбоору менен энергетика боюнча экинчи орунду ээледи.
🤖 Нурдан Сабырбеков “Автоматический полив” модели менен робототехника боюнча үчүнчү орунду ээледи, ал эми Нурайым Мамытканова “Летающая тарелка” долбоору менен дубал моделдери боюнча үчүнчү орунду алды.
📜 Майрамбек Абдысатаров жана Мырзайым Асылбекова форумга катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышты.
🌟 Форум жалпы билим берүү мектептеринин жана кошумча билим берүү мекемелеринин 10-18 жаштагы окуучулары үчүн өткөрүлдү, алар эки жаш категориясына бөлүнүп катышышты.






