👟 Бишкекте италиялык технология менен заманбап бут кийим чыгаруучу фабрика ачылды.
🏭 Новопавловка айылындагы “Империал Групп” бут кийим фабрикасы бут кийим тигүү процессинде роботторду жана санариптик технологияларды колдонгон биринчи ата мекендик өндүрүүчү болду.
🌍 Фабрика Россиядан, Италиядан, Түркиядан материалдарды алып келип, жылына 300 000 жуп бут кийим чыгарат жана 100 кызматкерди жумуш менен камсыз кылат.
📈 Компания жакынкы жылдарда өндүрүштүк кубаттуулукту жылына 1 миллион жупка чейин жеткирүүнү жана штатты 300 адамга чейин кеңейтүүнү пландоодо.
☀️ Күн батареяларын орнотуу да электр менен камсыздоону жакшыртууга киришти, бул фабрикага жашыл сертификат алууга жана экологиялык таза өндүрүштү колдоого мүмкүндүк берет.
🤝 Иш сапардын жыйынтыгында компанияга экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүдө колдоо көрсөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.