⚡️ Сокулук районунун Новопавловка айылындагы “Кудайберген” подстанциясынын кубаттуулугу жогорулатылды.
🔌 Подстанциядагы 35/10 кВ кубаттуулуктагы трансформатор 10 миң кВАдан 16 миң кВАга чейин алмаштырылды.
📈 Айылдын калкынын өсүшү жана электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшү менен кубаттуулук жетишсиз болуп жаткан.
🔧 Реконструкциядан кийин подстанциянын кубаттуулугу 6 000 кВАга жогорулатылып, электр камсыздоо жакшыртылды.
🤝 Бул иштер Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банк ортосундагы макулдашуунун негизинде жүргүзүлдү.






