

[adrotate_integration id=”2″]





📚 Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттары жана эл аралык келишимдери боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүү стандарты талкууланды.
👥 Жогорку Кеңеште өткөн тегерек столго Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери, лингвисттер, филологдор, окумуштуулар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
📖 Алайбек Алымбаев мыйзам чыгаруу ишинде терминдерди бирдиктүү кылуу жана которууну жакшыртуу максатында өткөн жылы атайын жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.
📝 271 мыйзам жана 16 кодекс талданып, 45 миңге жакын терминдер жана негизги түшүнүктөр изилденди. Учурда бул терминдердин кыргыз-орусча сөздүгү мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Терминологиялык комиссиясында каралууда.
🔍 Жаңы стандарт мамлекеттик тилдин сапаттуу өнүгүшүн камсыздоонун реалдуу механизмдеринин бири болуп саналат. Бул стандарт парламенттин гана эмес, министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин ишинде да колдонулушу керек.
🗣️ Тегерек столдун катышуучулары нормативдик укуктук акттардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоодо бирдиктүү стандарттын зарылдыгын белгилешти.






