🇰🇬 Спикер Жогорку Кенеша Нурланбек Тургунбек уулу Казакстанга иш сапары менен барды.
🤝 Тургунбек уулу Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен биргеликте эки өлкөнүн ортосундагы парламент аралык кеңештин жыйынын өткөрөт.
🗣️ Спикер ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин кезектеги жыйынына жана XIV пленардык жыйынына катышат.
📅 Иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.
👥 Делегациянын курамына депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев кирет.