Нурланбек Тургунбек уулу ТүркПА Кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кенештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу Астанадагы ТюркПА жыйынына катышып, парламенттик кызматташтыкты чыңдоо, биргелешкен маселелерди талкуулоо жана келечекке багытталган чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Ал билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана санариптик өнүгүү сыяктуу приоритеттүү багыттарга өзгөчө көңүл бурду.

🇰🇬 Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты. Ал бул жыйындын түрк дүйнөсүнүн актуалдуу маселелерин көтөрүп, келечекке багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.

🤝 Браттык элдерди терең туугандык байланыштар, жалпы маданий жана тилдик тамырлар байланыштырып турганын эске салды. Ошондуктан, маданий-тарыхый биримдикке таянган парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү бүгүнкү күндүн зарылдыгы болуп саналат.

🌍 Учурдагы туруксуз геосаясий абалда парламенттик дипломатиянын ролу өсүп жатканын белгилеп, Нурланбек Тургунбек уулу климаттын өзгөрүшү, санариптик коопсуздук, терроризм, суу жана азык-түлүк жетишсиздиги сыяктуу глобалдык чакырыктарга эл аралык кызматташтык, ишеним жана жоопкерчилик аркылуу гана каршы турууга болорун айтты.

📚 Билим берүү, маданият, жаштар саясаты, аймактар аралык кызматташтык, санариптик өнүгүү жана экология сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. ТүркПАнын алкагында жаштар үчүн биргелешкен аянтчаларды түзүү жана жаш лидерлердин форумдарын өткөрүү келечекке инвестиция катары кызмат кылаарын айтты.

🔗 Кыргыз Республикасы ТүркПАнын ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө активдүү салым кошууга, анын эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга жана түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого даяр экенин билдирип, кеңештин бардык мүчөлөрүн көтөрүлгөн маселелер боюнча биргелешип иштөөгө чакырды.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x