Нячанг — Бишкек каттамындагы учак Калькуттада техникалык конуу жасады: КР ТИМ себебин түшүндүрдү

Нячанг — Бишкек багыты боюнча учкан учак Калькуттада техникалык конуу жасады. 163 кыргызстандык жүргүнчү мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана бардык керектүү шарттар менен камсыз болушту. Кошумча учак Бишкекке бүгүн кечинде учат.

✈️ Нячанг-Бишкек багыты боюнча уча турган учак Калькутта шаарында техникалык конуу жасады.

⛽️ Air Nomad авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, конуу учактын коопсуздугун камсыз кылуу жана күйүүчү май алуу максатында ишке ашырылды.

🏨 Учактагы 163 кыргызстандык жүргүнчү мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана бардык зарыл шарттар менен камсыз болушту.

🛫 Авиакомпания тарабынан кошумча учак бөлүнүп, анын Бишкекке учуп кетүүсү ушул күндүн кечинде пландалууда.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x