Орнок айылында бала бакчанын курулушу аяктап жатат

Орнок айылында 100 орундуу заманбап шарттары бар эки кабаттуу бала бакча курулуп жатат. 78 млн сомдук долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, учурда 90% аяктады.

[adrotate_integration id=”2″]

🏗️ Иссык-Көл облусунун Орнок айылында 78 миллион сомго курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушу аяктап баратат.

🏠 Балдар бакчасынын курулушу өткөн жылы башталган жана республикалык бюджеттен каржыланууда.

🔨 Азыркы учурда объекттин даярдыгы 90% түзөт.

👶 Жобого ылайык, балдар бакчасы 100 орунга ылайыкташтырылган жана заманбап шарттары бар эки кабаттуу имарат болот.

📏 Имараттын жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.

✅ Бул долбоор аймактагы балдардын билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген