Орунтаев «Манас» аэропортунун жаңы терминалынын курулуш иштерин текшерди.

Бишкек, 06.10.25. Министр Нурдан Орунтаев жана Манасбек Самидинов "Манас" аэропортунун жаңы терминалынын курулушун текшеришти. Терминал эл аралык стандарттарга жооп берет жана 2026-жылы ишке киргизилет.

[adrotate_integration id=”2″]

✈️ Бишкек шаарында жаңы эл аралык “Манас” аэропортунун терминалы курулууда.

👷‍♂️ Курулуш иштерин көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана “Аэропорты Кыргызстана” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов курулуш аянтчасына барышты.

🏗️ Мониторинг учурунда долбоордун ишке ашырылышынын негизги этаптары, курулуштун ылдамдыгы жана сапаты, ошондой эле иштердин мөөнөттөрүн сактоо маселелери каралды.

🌍 Жаңы терминал эл аралык стандарттарга жооп берет, кеңири бөлмөлөрү жана заманбап техникалык жабдуулары менен айырмаланат. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

🗓️ Объектти ишке киргизүү 2026-жылдын жай айларына пландалууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген