🇷🇺 Россияда жүрүү мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү.
🗓️ 2025-жылдын 1-январынан 10-сентябрына чейин Россияда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
📝 Кыргызстандын жарандары Россиядан чыкпай туруп, убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу үчүн арыз бере алышат. Бул үчүн жумуш берүүчү тарабынан тастыкталган эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.
📋 Арыз берүүдө милдеттүү түрдө дактилоскопиялык каттоодон өтүү, сүрөткө түшүү жана медициналык текшерүүдөн өтүү талап кылынат. Ошондой эле, Россиянын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы болбошу керек.
💰 Мөөнөттү узартуу боюнча арыз бергенде, административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси административдик айып пул салуу менен чечилет, бирок Россиядан чыгарылбайт.
📢 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды миграциялык эсепке алуу талаптарын сактоого жана укуктук статусун жөнгө салуу үчүн өз убагында чара көрүүгө чакырат. Бул Россияда терс укуктук кесепеттерден качууга жардам берет.