🇷🇺 Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 14-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
🤝 Сапардын алкагында Михаил Мишустин менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин ортосунда кыргыз-орус мамилелеринин кеңири маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт.
📈 Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелер алкагында аракеттерди координациялоо маселелери каралат.
👥 Ошондой эле, сапардын алкагында Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолугушуусу пландалууда.






