🎣 Ош шаарындагы бажы кызматынын кызматкерлери синтетикалык балык уулоо торлорун ЕАЭБ аймагына мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту.
🚛 Кытайдан “Иркештам” өткөрмө пункту аркылуу автотетиктер катары көрсөтүлгөн жүк ташуучу унаа кирген, бирок текшерүүдө 746,39 кг балык уулоо торлору табылган.
📦 Балык уулоо торлору убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылып, бул факты боюнча материалдар Түштүк аймактык иликтөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
🔥 Текшерүүнүн жыйынтыгында, товар “жок кылуу” процедурасы менен катталып, 2025-жылдын 30-сентябрында тиешелүү комиссиянын катышуусунда жок кылынды.
📜 Синтетикалык балык уулоо торлорун өлкө аймагына алып кирүү президенттин №131 жарлыгы жана министрлер кабинетинин №624 токтомуна ылайык тыюу салынган.
⚖️ Бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптарды мыйзамдарды так сактоого чакырат.






