




[adrotate_integration id=”2″]
🔬 Ош шаарындагы клиникалык ооруканада заманбап МРТ борбору ачылды.
🏥 Ош облустук клиникалык ооруканасында 14-июлда жаңы магнит-резонанстык томография (МРТ) борбору ишке кирди. Бул борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жана «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» компаниясынын инвестициясы менен курулган.
💰 Жалпы инвестиция көлөмү 1 миллион АКШ долларынан ашты. Бул долбоордун алкагында оорукананын имараты толугу менен оңдолуп, кубаттуулугу 1,5 Тесла болгон кытай өндүрүшүндөгү uMR 580 МРТ аппараты орнотулду.
🩺 Буга чейин оорукананын өзүндө МРТ аппараты жок болгондуктан, бейтаптар башка борборлорго жөнөтүлчү. Эми жаңы жабдуунун аркасы менен МРТ кызматтары түздөн-түз ооруканада жеткиликтүү болуп, так жана сапаттуу диагностика жүргүзүүгө шарт түзүлдү.
👨⚕️ Жыл сайын миңдеген бейтаптар жаңы жабдуунун жардамы менен текшерүүдөн өтө алышат.






