🔌 Ош облусунда автоматташтырылган электр энергиясын эсептөө системасы (АИСКУЭ) активдүү ишке ашырылууда.
📈 Учурда аймакта 78 миң 475 «акылдуу» электр эсептегич орнотулду.
🔧 Жылдын аягына чейин дагы 22 миң 375 түзүлүштү орнотуу пландалууда, бул жылдык планды толугу менен аткарууга мүмкүндүк берет.
⚡ Ош электр тармактары ишканасы 2025-жылы жалпы 100 миң 850 «акылдуу» эсептегич орнотууну көздөп жатат.
📊 АИСКУЭ долбоору электр энергиясын эсептөөнүн ачыктыгын жогорулатууга, жоготууларды азайтууга жана энергияны керектөөнү оптималдаштырууга багытталган.
📡 Жаңы системанын аркасында көрсөткүчтөр алыстан берилип, абоненттерге баруунун кажети жок болуп, бул керектөөчүлөрдү тейлөөнү жана көзөмөлдөөнү бир топ жакшыртат.






