


[adrotate_integration id=”2″]
🔍 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош облусундагы “Кен-Сай” турак жай массивинин инфраструктурасын курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды ири өлчөмдө уурдоо боюнча бир катар адамдарды кармады.
👥 Кармалгандардын арасында Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы, башкы инженер, башкы бухгалтер жана подряддык уюмдун жетекчиси бар.
💰 “Кен-Сай” массивиндеги жолдорду, суу түтүктөрүн жана электр системаларын курууга мамлекеттик бюджеттен 657 миллион 45 миң 900 сом бөлүнгөн. Учурдагы зыяндын суммасы 115 миллион 407 миң сомдон ашты.
🕵️♂️ Тергөө кызматкерлери капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери подряддык уюмдардан мыйзамсыз акча сыйлыктарын алып, бюджеттик каражаттарды эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берип келгенин аныкташты. Бул иштердин создугушуна, сапатсыз аткарылышына жана кээ бир учурларда долбоорлордун толук ишке ашпай калышына алып келген.
🔗 Бардык кармалгандар ГКНБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.






