Ош облусунда жаңы соода-логистикалык борбор курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында 1000 тонна мөмө-жемиш сактоочу жана тоңдуруучу логистикалык борбор курулууда. Бул долбоор жергиликтүү фермерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

[adrotate_integration id=”2″]

🍏 Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында “Азия Органикс” компаниясы тарабынан жаңы соода-логистикалык борбор курулууда. Бул борбор 1000 тонна мөмө-жемишти сактоо жана шоктук тоңдуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

🏗️ Долбоордун жалпы наркы 28 миллион сомду түзөт жана ал Дүйнөлүк банктын “Ош шаары жана Ош облусун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында каржыланууда.

🌍 Жаңы борбор аймактагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, түшүмдү жоготпостон сактоого, сапаттуу логистиканы камсыздоого жана ички жана тышкы рынокторго чыгууга шарт түзөт.

🔧 Учурда курулуш жана тиешелүү документ иштери жүрүп жатат жана жакында аяктоо алдында турат.

📈 Борбор ишке киргизилгенден кийин фермерлердин продукциясы узак убакытка чейин сакталып, бул жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген