Ош облусунун башчысы Түркиянын элчиси менен жолукту

Ош облусунун башчысы Эльчибек Жантаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана маданият тармагында TİKA тарабынан Ош облусунда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго бурулду. Узген районундагы балык чарбасын өнүктүрүү боюнча TİKAнын ишмердүүлүгү да талкууланды. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн түзүмү жана келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөр каралды.

🇰🇬 Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Жантаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолугушту. Жолугушууда Ош облусу менен Түркиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланды.

🤝 Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) тарабынан Ош облусунда билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана маданият тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

🐟 TİKAнын Узген районундагы балык чарбасын өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгү да каралды.

📈 2024-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 263,2 миллион АКШ долларын түзгөнү, келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

🌾 Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана суюк травертин өндүрүү сыяктуу тармактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталды.

🔍 Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачты.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x