









🏢 Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.
👮♂️ Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Дамирбек Исаков, ардагерлер жана милиция кызматкерлери катышты.
🛠️ Имараттын курулушу 2023-жылдын күзүндө башталып, бир жарым жылдын ичинде аяктады.
📹 Жаңы имарат толугу менен видеокамералар, кеңсе техникасы менен жабдылган жана бардык зарыл шарттар каралган.
🏚️ Буга чейин кызматкерлер эски жана авариялык абалдагы имаратта иштеп келишкен.