Ош шаарында «Көчмөндөрдүн изи менен» аттуу эл аралык туристтик форум өттү

Ош шаарында өткөн «Салам, Ош-2025» туристтик фестивалынын алкагында «Көчмөндөрдүн изи менен» эл аралык форуму өттү. Форумда туризмди өнүктүрүү, эл аралык байланыштарды бекемдөө жана Жибек жолу боюнча кызматташуу стратегиялары талкууланды.

🌍 Оштогу “Салам, Ош-2025” туристтик фестивалынын алкагында “Көчмөндөрдүн изи менен” аттуу эл аралык форум болуп өттү.

🤝 Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Торобаев, президенттин полпреддери, соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, БУУ жана ЕККУнун кеңсе башчылары, ошондой эле Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн делегациялар катышты.

🏞 Форум учурунда Ош, Жалал-Абад, ошондой эле Өзбекстандын Навои жана Фергана облустары, Казакстандын Түркестан облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

📄 Иш-чаранын алкагында Ош облусу менен Өзбекстан жана Казакстандын аймактарынын ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

🎯 Форумдун негизги максаты – аймактарга туристтик агымды көбөйтүү, эл аралык туроператорлор менен жергиликтүү коомчулуктардын ортосунда байланыштарды түзүү жана ички жана тышкы рыноктордо туристтик кызматтарды өнүктүрүү.

🗺 Катышуучулар Улуу Жибек жолунун туристтик потенциалын пайдалануу жана бул багытта кызматташуу стратегияларына арналган эки панелдик сессия өткөрүштү.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x