






🎨 Ош шаарында 11-18-июнь күндөрү КМШ мамлекеттеринин жаш сүрөтчүлөрүнүн “Чыгыштын күнөстүү палитрасы” аттуу чыгармачыл лабораториясы өтүп жатат.
👩🎨 Бул жылы лабораторияга КМШ өлкөлөрүнөн 42 жана Кыргызстандан 12 сүрөтчү катышууда. Ар бир катышуучу бир нече этюд жаратышы керек, негизинен пейзаждар.
🖼️ Ар үч күн сайын иштелип чыккан этюддардын алдын ала көргөзмөлөрү жана талкуулары өткөрүлөт. Эң мыкты этюддар Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейине өткөрүлүп берилет.
🏛️ Мурдагы жылдары эң мыкты этюддар балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө, китепканаларга жана медициналык мекемелерге белекке берилген.
🌟 2011-жылдан бери Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду тарабынан колдоого алынат. Акыркы эки жылда бул долбоорго Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги да колдоо көрсөтүүдө.