

[adrotate_integration id=”2″]🔍 Оштун шаарында салык кызматкерлери рейддик текшерүү учурунда мыйзамсыз кальян тамекилерин табышты.
🚬 Абдыкадыров көчөсүндөгү соода түйүндөрүнүн биринде акциздик маркасы жок жана тиешелүү документтери жок 346 кальян тамекиси табылды.
💰 Аталган тамекилердин жалпы баасы 197 миң 650 сомду түзөт.
📑 Мыйзамсыз табылган продукциялар конфискацияланып, тиешелүү актылар түзүлдү.
⚖️ Бул факты боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.






