Ош шаарында патентсиз ижарага берилген батирлерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Ош шаарында патентсиз ижарага берилген батирлерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз иш-аракеттер шаардын бюджетине терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди. Бузуучуларга административдик чаралар көрүлөт.

[adrotate_integration id=”2″]

🏢 Ош шаарында мыйзамсыз ижарага берүү боюнча рейд жүргүзүлдү.

🔍 Шаар мэри Женишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында көп кабаттуу үйлөрдө мыйзамсыз ижарага берилген батирлерди аныктоо боюнча кеңири рейд өткөрүлдү.

📄 Рейд учурунда батирлерди ижарага берген жарандардын биринде да керектүү патенттер жана уруксат документтери жок экени аныкталды.

💸 Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер шаардык бюджетке түздөн-түз терс таасирин тийгизип, салыктык түшүүлөрдү азайтат.

🛡️ Коопсуздук жана коомдук тартип маселелери да белгиленди.

⚖️ Мыйзамга ылайык, жарандар батирлерди же башка турак жай объекттерин ижарага берүүдө патент алып, салык төлөөгө милдеттүү.

🚨 Мыйзам бузгандарга карата административдик чаралар көрүлөт.

🔄 Мыйзамсыз ижара ишмердүүлүгүн токтотуу максатында мындай рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген