Ош шаарында патрулдук милицияда коррупция факты аныкталды: прапорщик кармалды

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды. Ал мас абалындагы айдоочунун ордуна жүргүнчүнүн маалыматтарын көрсөтүп, мыйзам бузуучуну жоопкерчиликтен качырган. Тергөө иштери уланууда.

[adrotate_integration id=”2″]

📰 Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.

🚓 5-июль күнү прапорщик К.Т.К. Chevrolet Spark автоунаасын токтотуп, анын айдоочусу мас абалында экенин жана айдоочулук күбөлүгү жок экенин аныктаган.

📄 Бирок, инспектор мыйзамдуу чараларды көрбөстөн, Ош облустук наркологиялык борборуна жалган маалымат берип, медициналык кароого айдоочунун ордуна жүргүнчүнүн аты-жөнүн көрсөткөн.

🔄 Натыйжада, чыныгы мыйзам бузган адам жоопкерчиликтен качып кеткен, ал эми автоунаа тиешелүү протоколдор түзүлбөстөн кайтарылып берилген.

👮‍♂️ 23-июлда инспектор К.Т.К. ГКНБ жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан суракка чакырылып, кармалып, Ош шаарындагы ГКНБ СИЗОго киргизилген.

🔍 Тергөөнүн иш-чаралары улантылууда.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x