Ош шаарында патрулдук милицияда коррупция факты аныкталды: прапорщик кармалды.

Бишкек, 25.07.25. Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармалды. Ал мас абалындагы айдоочуну жоопкерчиликтен качырган деп шектелүүдө.

[adrotate_integration id=”2″]

🚔 Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды.

🔍 2025-жылдын 5-июлунда милициянын прапорщиги К.Т.К. рейд учурунда Chevrolet Spark унаасын токтотуп, айдоочусунун мас абалында экенин жана айдоочулук күбөлүгү жоктугун аныктаган.

📝 Инспектор мыйзамдуу чара көрүүнүн ордуна, Ош облустук наркологиялык борборуна жалган маалымат берип, медициналык кароого унаанын жүргүнчүсүнүн аты-жөнүн көрсөткөн. Натыйжада, чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен качып кеткен.

🚗 Автомобиль мыйзамдуу протоколдор түзүлбөстөн, айдоочуга кайтарылып берилген.

👮 23-июлда Ош шаарынын УВДсынын эртең мененки жыйынында инспектор К.Т.К. ГКНБ жана ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан суракка чакырылып, кармалып, Ош шаарындагы ГКНБ СИЗОсуна киргизилди.

🔎 Тергөөнүн иш-чаралары улантылууда.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x