🏔️ Ош шаарында спорттук туризм боюнча дүйнөлүк кубок ачылды.
🌍 Ортосунда Керме-Тоо тоосу жайгашкан Ош шаарында, дүйнөнүн ар тарабынан келген командалар, спортчулар, эл аралык деңгээлдеги судьялар жана коноктор чогулду.
🎉 Соревнованиянын ачылышын Ош шаарынын вице-мэри Нурлан Закиров өткөрдү. Ал эми федерация өкүлдөрү жана сыйлуу коноктор иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти.
🏆 Ушул спорттук иш-чара спорттук туризмдин өнүгүшүнө, эл аралык кызматташтыкка, тажрыйба алмашууга жана жаштар арасында спортту популяризациялоого чоң салым кошорун айтышты.
⛰️ Дүйнөлүк класстагы тоо дистанциясы катышуучуларды кабыл алууга даяр. Алдыда кызыктуу жана катаал мелдеш күндөрү, жогорку атаандаштык, техникалык этаптар, эмоциялар, күрөш жана жаңы достор менен таасирлер күтүлүүдө.
🤝 Бул иш-чара спортту өнүктүрүү жана эл аралык достукту чыңдоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.













