🌍 Ош шаарында рекультивациялоо жана жаңы таштанды аянтын куруу иштери башталат.
♻️ Шаар мэри Бакытбек Жетигенов катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу долбоорунун алкагында жаңылануучу Ош-Тазалык санитардык полигонунун ишинин башталышы менен таанышты.
🏗️ Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Евросоюздун колдоосу менен ишке ашырылып, полигон үчүн жаңы аянт азыркынын жанында 24 гектарды ээлейт.
✅ Шаар мэри жаңы полигон эл аралык стандарттарга жооп берерин, бул экология жана жашоочулардын ден соолугу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
🔄 Долбоордун негизги максаты – Ош шаарында чогултуу, ташуу жана жок кылууну камтыган катуу таштандыларды башкаруунун эффективдүү системасын түзүү.
🌱 Бул долбоорду ишке ашыруу шаардын экологиялык абалын бир топ жакшыртат жана анын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртат.