Ош шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунда капиталдык ремонт жүргүзүлүүдө

Ош шаарындагы "Келечек" балдар чыгармачылык борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат: жылытуу системасы жаңыланып, ички дубалдар жана тепкичтер оңдолуп, сырткы көрүнүшү жакшыртылууда.

🏗️ Ош шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылык борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

🔥 Учурда борбордо жылытуу системасы жаңыртылып, түтүктөр алмаштырылды. Ички дубалдар тегизделип, шыбак тартылып, жаңы пол төшөлдү жана ички тепкичтер жаңыртылды.

🚪 Терезе жана эшиктерди оңдоо иштери уланууда, имараттын сырткы көрүнүшү жакшыртылып, коопсуздук үчүн жаңы тосмолор орнотулууда.

🌳 Борбордун аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да жүрүп жатат.

👨‍👩‍👧‍👦 «Келечек» борборуна күн сайын 3 миңге жакын бала келип, ар кандай ийримдерге катышып, өз билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

🏫 Бул иштер мэрдин балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x