




[adrotate_integration id=”2″]
🔥 Ош шаарында көп кабаттуу үйдө чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү.
🚒 Өрт 19-октябрда саат 16:00гө карата толугу менен өчүрүлүп, жалпы аянты 1895 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.
👨🚒 Өрттү өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү топ, эки автосаты, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун оперативдүү тобу, шаардык куткаруу кызматынан төрт куткаруучу жана штаб тартылган. Иш-чарага ИИМдин кызматкерлери жана тез жардам бригадалары да катышты.
👷♂️ Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте окуя болгон жерде өрттүн кесепеттерин жоюу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
🏢 Ош шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, тургундар менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров мэрияга кырдаалды толук көзөмөлгө алууну тапшырган. Шаардык бюджеттен чатырды жана жабыркаган батирлерди калыбына келтирүү үчүн каражат бөлүнөт.






