

[adrotate_integration id=”2″]
🚓 Ош шаарындагы №3 атайын полк батальонуна кызматтык унаа тапшырылып, имараттын айланасы асфальтталды.
🏢 Батальон командири шаар мэри Жеңишбек Токторбаевга кайрылып, имараттын айланасын асфальттап, материалдык камсыздоону жакшыртуу өтүнүчүн билдирген.
👨✈️ Шаар башчысы бул маселени чечүү боюнча тапшырма берип, натыйжада айланасы асфальтталып, кызматтык унаа тапшырылды.
🚔 №3 атайын полк батальону Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздайт жана 2014-жылы түзүлгөн.






