🌍 Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жаштар форуму болуп өттү.
🎤 “Келечек багыт – Жаштарды өнүктүрүү платформасы” форумуна вице-мэр Нурбек Кадыров, Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрү катышты.
🏆 Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар саясатын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүн жана Эл аралык студенттер күнүн белгилөөгө активдүү катышкан жаштар сыйланышты.
💡 Форумдун катышуучулары ишкерлик жана экология жаатындагы ийгиликтүү долбоорлору менен бөлүшүп, ошондой эле жаштардын шайлоого активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн талкуулашты.
📈 Форум өлкөдөгү жаштар кыймылынын өнүгүшүнө салым кошкон тажрыйба жана идеяларды алмашуу аянтчасына айланды.