


[adrotate_integration id=”2″]

🏗️ Оштун Ак-Тилек микрорайонундагы №32 жана №22 көчөлөрүнө жаңы асфальт төшөлдү.
👥 Жаңы асфальттын ачылыш аземине шаар мэри Женишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, көчө тургундары жана ишканалардын жетекчилери катышты.
🛤️ Буга чейин Ак-Тилекте үч көчөнү бириктирген үч көпүрөлүү жол курулуп, толугу менен асфальтталып, пайдаланууга берилген.
🔧 Жаңы асфальттоо иштери жол кыймылын жакшыртып, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалды.






