Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан 13 миңден ашуун студент чыгарылды

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан 13 миңден ашуун студенттер академиялык жетишсиздик же сабакка катышпагандыгы үчүн чыгарылды. Учурда тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралууда.

🎓 Ош шаарында жогорку окуу жайлардан 13 миңден ашуун студенттер окуудан чыгарылды.

📚 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Ош мамлекеттик университетинен 3573, Ош технологиялык университетинен 2754, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен 3629, Ош гуманитардык университетинен 3167 жана Кыргыз улуттук университетинин филиалынан 172 студент окуудан чыгарылган.

📊 Студенттердин окуудан чыгарылышынын негизги себептери катары сабакка катышпоо жана академиялык карыздар көрсөтүлгөн.

🔍 Учурда аталган окуу жайлардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз окутууга катыштыгы текшерилип, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жоопкерчилик чаралары каралууда.

⚖️ Бул иш-чаралардын максаты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу болуп саналат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x