Ош шаарынын мэри 97 жаштагы эмгек ветеранын Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 97 жаштагы Тажикан Мадимарованы зыярат кылып, жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

🎖️ Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 97 жаштагы Тажикан Мадимарованы 80 жылдык Жеңиш майрамы менен куттуктады.

👵 Тажикан апа согуш учурунда тылда эмгектенип, “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалы жана башка юбилейлик медалдар менен сыйланган.

🎁 Мэр Токторбаев Тажикан Мадимаровага бекем ден соолук каалап, акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

👨‍👩‍👧‍👦 Ардагердин 10 баласы, 37 небереси, 70 чөбөрөсү жана 2 кыбырасы бар.

🌟 Ветерандардын эмгеги жана салымы майрам күндөрүндө гана эмес, ар дайым көңүл борборунда болушу керектиги баса белгиленди.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x