🎓 Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университети эки диплом программасын баштоо боюнча келишимге кол коюшту.
🤝 Бул келишимдин алкагында Наманган мамлекеттик университетинин “Дарылоо иши” жана “Фармация” багыттарында окуган студенттери ОшМУнун дипломун да ала алышат.
📅 Келишимге 2-октябрда, Наманган мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Хаётбек Кадыров баштаган делегациянын ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда кол коюлду.
📚 Жолугушууда 2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу маселелери талкууланды. Программа боюнча студенттерди кабыл алуу ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
🎓 Келишимге ылайык, эки дипломдуу адистиктерге өткөн студенттер үч жыл Наманган мамлекеттик университетинде жана эки жыл ОшМУда окушат.






