ОшМУда француз тили жана маданият борбору ачылат.

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фэй 30-сентябрда Ош мамлекеттик университетине барып, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсанбек Аттокуров менен жолугушту. Жолугушууда француз тили жана маданияты борборун ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул борбор студенттерге француз тилин үйрөнүүдө колдоо көрсөтүп, маданий иш-чараларды уюштурат. Франциянын элчилиги борборду жабдуу үчүн атайын грант бөлөт. Учурда студенттерге Франциядан келген эки ыктыярчы мугалим сабак берет.

[adrotate_integration id=”2″]

🇫🇷 Ош мамлекеттик университетинде Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фэй менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров университеттин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

📚 Ош мамлекеттик университетинде Франциянын элчилиги менен кызматташуунун алкагында Француз тили жана маданият борбору түзүлөт. Бул борбор студенттерге француз тилин үйрөнүүдө сапаттуу билим берүү ресурстарын сунуштап, француз тили жана маданиятын жайылтууга арналган маданий иш-чараларды уюштурат.

🤝 Жаңы борбордун ачылышы Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылат. Элчилик борборду жабдуу үчүн керектүү каражаттарды, эмеректерди, IT-техникаларын жана окуу материалдарын сатып алууга атайын грант бөлөт.

🎓 Ош мамлекеттик университетинде учурда эки француз ыктыярчы мугалими студенттерге билим берүүдө. Бул демилге университеттин Эл аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен ишке ашууда.

🌍 Бул келишимдин негизги максаты – студенттерге француз тили жана маданияты боюнча терең билим берүү жана эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген