🚑 Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында рак оорусуна чалдыккан бейтапка алгачкы операция ийгиликтүү жасалды.
🔬 Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жанек Белеков жана эндоскопист, онколог Омурбек Алишов биргеликте өткөрүштү.
⏱ Онкологиялык операциялар узак убакытты талап кылгандыктан, бул операция төрт саатка созулду.
🛠 Операция заманбап медициналык технологияларды колдонуу менен ийгиликтүү аяктады.
🏥 Клиника бардык түрдөгү операцияларды өткөрүүгө жөндөмдүү жана заманбап жабдуулар менен жабдылган.
🔧 2022-жылы чыгарылган 4-1 лапароскопу 2025-жылдын февраль айында клиникага жеткирилмекчи. Бул жабдуу абдоминалдык хирургия, гинекология, гепатология жана урология тармактарында колдонулат.
🚑 2022-жылдын декабрь айында университет клиника үчүн тез жардам унаасын сатып алган.






