


[adrotate_integration id=”2″]
🏫 Озгур айылында жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат.
👷♂️ Мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, жалпы аянты 2 099,59 чарчы метрди түзөт.
🏢 Имарат эки жана үч кабаттуу корпустардан турат, алар үч блокко бөлүнгөн. Бул блоктордо окуу бөлмөлөрү, өтмө галерея, актовый жана спорт залдары каралган.
💰 Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда жана иштин жүрүшү Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.






