Ошто абанын сапатын жакшыртуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. КР экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Ош шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жыйынга президенттин Ош шаарындагы өкүлү Эльчибек Жантаев жана башкалар катышты. Абаны булгоонун себептери, экологиялык абал талкууланып, 2026–2027-жылдарга карата иш-чаралар планы даярдалды. Комиссия мүчөлөрү сунуштарды киргизип, мамлекеттик органдарга айлана-чөйрөнү коргоо жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди. Министр Ош облусундагы өкүлчүлүктү жана таштандыларды кайра иштетүүчү цехти кыдырды.

🌿 Ош шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча көп тармактуу комиссиянын көчмө жыйыны өттү.

🛠️ Жыйындын жүрүшүндө абанын булгануу себептери талданып, экологиялык абалдын анализи жүргүзүлдү.

🌍 Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен 2026–2027-жылдарга карата максаттуу иш-чаралардын планы талкууланды.

📋 Комиссия мүчөлөрү бир катар сунуштарды киргизип, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга айлана-чөйрөнү коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана көзөмөл механизмдерин күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

🔍 Министр Медер Машиев Ош облусундагы министрликтин аймактык өкүлчүлүгүнө барып, учурдагы ишмердүүлүк жана кадрдык камсыздоо менен таанышты, ошондой эле Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү цехти жана экологиялык мониторинг департаментинин түштүк лабораториясын карап чыкты.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x